"Керемет Resort" курорттук ден - соолукту чыңдоо борбору
Кыргыз Республикасы,Жалалабат областы,
Кочкор Ата шаары, Тургенев көчөсү.
Телефондор: +996 (3734) 53-421, (551) 05-34-21,
+996 (557) 88-98-77
Биз жөнүндө

Укмуштай кооз, тынч, жайлуу жерде дарыланып жана эс алуу – ар бир адамдын каалоосу эмеспи! Ал үчүн алыс бир жактарга аттануу зарыл эмес. Болгону курортттук , ден – соолукту чыңдоочу ”Керемет Resort” борборуна гана баруу керек.
Бул жер бир гана ден – соолукту чыңдоочу борбор болбостон, ультра- заманбап мейманкана комплекс да болуп саналат. Эконом класстан баштап президенттик апартаментке чейинки номерлер бар, ал эми ишкер адамдар үчүн конференц – зал иштейт. Борбордун негизги багыттары: төрт түрдүү минералдык суулар менен профилактикалык дарылоо, баткак ванналары, парафин менен дарылоо, спелеотерапия- дем алуу системасын туздун кристаллдары менен дарылоо. Физиотерапиянын бардык түрлөрү бар: электр тогу менен дарылоо, жарык – нур менен дарылоо, гальвано- баткак, жарык- нур ванналары, омурткаларды чоюу. Борбордо ар кандай профилдеги алдынкы адистер иштешет: невропатолог, терапевт, стоматолог, гинекологдор сиздер үчүн кызмат кылышат. Массаждын бир нече түрү бар: механикалык, классикалык, мануалдык, атайын гидромассаждык ванналарда жасалуучу суу астындагы массаж. Курорттук ден – соолукту чыңдоочу ” Керемет Resort” – бул заманбап туристтик комплекс да болуп эсептелет. Ал Жалал- Абад областынын Кочкор- Ата шаарында жайгашкан. Бул жерде курорттун эс алуучулары ден- соолуктарын чыңдоого багытталган бардык шарттар түзүлгөн . Алар: чоң, ачык бассейн, теннистик корт, фитобар, тренажердук зал, ЛФК үчүн зал, фин.саунасы, настольный теннис, бильярд.Кыскасы сиздер эң жакшы эс алып, ден- соолугуңузду чыңдоого багытталган бардык шарттар түзүлгөн. Сиздин ден- соолугуңуз – биздин камкордук.